«Менин жашоом, эхинококкозсуз» долбоор ишке ашырылды.

,
IMG_5307.JPG

Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасы, калк арасында эхинококкоз оорусунун таралуусун алдын алуу багытында жолбун иттердин санын көзөмөлдөө жана   башка иш чараларды жүргүзүү, ошондой эле тажрыйба алмашуу максатында Польшалык ветеринардык клиника менен өз ара кызматташуу боюнча келишим түзгөн. Аталган долбоорду 2019-жылдын февраль-май айларында Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында ишке ашыруу белгиленген.  Долбоорду ишке ашырууда Ветеринардык палатанын расмий өнөктөшү катары Ат-Башы районунун ветеринардык жана фитосанитардык башкармалыгы жакындан көмөк көрсөттү.

2019-жылдын февраль-март айларында Ат-Башы районунун жеке ветеринардык адистери тарабынан райондун бардык 21 мектептеринде эхинококкоз оорусунун алдын алуу, ылаң менен күрөшүүнүн ыкмаларын түшүндүрүү, элге жеткизүү максатында окуучулар арасында классттык сааттар өткөрүлүп, ата-энелер менен жолугушуулар уюштурулду.

Аталган долбоордун алкагында март айында жаш ветеринардык адистер Сыргак Толомушов (Каракол шаары) жана Саалаев Талант (Ат-Башы району) Польшада Даниел Фигельдин ветеринардык клиникасында бир айлык тажрыйба алмашуу курсунан өтүп келишти, бул багыттагы чыгымдар толук Польшалык өнөктөштөрдүн эсебинен жабылды.  



Март, апрель айларында Ат-Башы районунда жайгашкан 21 орто мектепте “Менин жашоом, эхтнококкозсуз” темасында жогорку класстын окуучуларынын арасында дубал газеталарын чыгаруу жана сочинениелерди жазуу боюнча конкурстар өткөрүлдү жана аталган конкурста тандалып алынган эмгектер жеңүүчүлөр тарабынан төмөнкү класстын окуучуларына презентацияланды, ошондой эле жыйынтыгында эмгектер боюнча ар бир мектепте атайын бурчтар уюштурулду.

Ошондой эле бул долбоордун жүрүшүндө, Польшадан келген ветеринардык хирургтар тобу Ат-Башы районунун жана Каракол шаарнын жеке ветеринардык адистерине итке тирүү кезинде эхинококкоз ылаңына диагноз коюу жана иттерди кастрация/стрелизация ыкмалары боюнча практикалык тренинтерди жүргүзуштү.

Мындан сырткары Касыке Мамбеталиев атындагы орто мектептин окуучулары жана мугалимдер жамааты толук бойдон эхинококкоз жана туберкулез ооруларын аныктоо максатында флюрогрфиялык жана УЗИ изилдөөлөрүнөн акысыз өтүштү.

Долбоорду ишке ашыруу чыгымдары (УЗИ аппаратын, капрологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн 5 микроскопов, автоклав, хирургиялык инструменттер жана башка операция жасоодо керектелүүчү материалдарды сатып алуу) толук бойдон Польшалык өнөктөштөрдүн эсебинен жабыланды жана долбоордун жыйынтында Ат-Башы районунун жана Каракол шаарынын ветеринардык адистерине жана саламаттыкты сактоо мекемелерине калтырылды.


Долбоорду ишке ашырууда Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы жакындан жардам көрсөтүүдө.

Долбоорду жыйынтыктоо семинарына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А. Баатырбеков жана Ат-Башы районунун мамлекеттик администрация башчысы Ж.Субакожоев  жетектеген райондук мекеме ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары жана райондун жашоочулары катышышты.