Твиннинг кызматташуунун үчүнчү этабынын жыйынтыгы

2018-жылдын 30-майында Кыргыз Республикасынын айыл чарба,
тамак-аш жана мелиорация министрлигинин кичи жыйында залында Кыргыз
Республикасынын Ветеринардык палатасы менен Польша республикасынын Улуттук
ветеринардык палатасынын ортосунда ишке ашырылып жаткан Твининг кызматташуунун
үчүнчү этабынын жыйынтыгына байланыштуу Тегерек стол өттү.
Тегерек столдун ишине, КР АЧТАжМ министри Нурбек Мурашев, Польшанын улуттук ветеринардык палатасынын, КР Өкмөтүнүн алдындагы ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын, жеке ветеринардык адистердин райондук бирикмелеринин жана ветеринария тармагындагы илим изилдөө тармагынын өкүлдөрү катышты.
Тегерек столдун күн тартибинде, Кыргыз Республикасында
жаңыдан ветеринария системасынын курамына кирип, түптөлүп келе жаткан
Ветеринардык палата институнун каржылык туруктуулугун жана эл аралык талаптарга
ылайык өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган маселе каралды.
Өз сөзүндө, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш
жана мелиорация министри Нурбек Мурашев, региондорду туруктуу өнүктүрүүгө
байланыштуу КР Президентинин Жарлыгын аткаруу максатында министрлик тарабынан
жүргүзүлүп жаткан иш аракеттерге кеңири токтолду.
Иш чаранын жүрүшүндө министр Н.Мурашев, Кыргыз ветеринария тутумуна Ветеринардык палата институтун киргизүү менен өлкөдө жеке ветеринардык адистердин кесиптик иш аракетин жөнгө салуучу натыйжалуу системаны курууга боло тургандыгына жана бул маселе министрлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформалык иш аракеттердин бири экендигин белгиледи, ошондой эле сөзүнүн аягында Чүй жана Талас облустарынын жеке ветеринарларынын 12 райондук бирикмесинин жетекчилеринин ар бирине 3500 Америка доллары өлчөмүндө техникалык колдоо көрсөтүү боюнча Сертификаттарды тапшырды жана бул техникалык колдоо министрлик тарабынан ишке ашырылып жаткан “Жайыттарды жана малчарбачылыгын башкаруу” долбоорунун алкагында берилгендигин, көрсөтүлгөн жардам айыл жергесинде иштеп жаткан жеке ветеринардык адистердин ишмердүүлүгүн уюштурууга жакшы өбөлгө түзүп, алар тарабынан көрсөтүлүп жаткан ветеринардык кызматтын коопсуздугун камсыздоого шарт түзөөрүнө ишене тургандыгын белгиледи.
Мындан сырткары аталган долбоордун алкагында, 280 жеке ветеринарга 1500 $, 48 жаш адиске 1000 $, алардын Устаттарына 400 $ өлчөмүндө жардамдар бериле тургандыгына, ошондой эле жайыттардын жана ветеринардык инфраструктураларды жакшыртуу максатында Жайыт пайдалануучулар бирикмелерине ар бирине орточо 46 000 $ өлчөмдө каражаттар бөлүнүп жаткандыгына токтолду.