Кыргыз Республикасынын Ветеринардык Статуардык органынын (Ветеринардык палатанын) I Республикалык конференциясы болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Ветеринардык Статуардык органы ( Ветеринардык палатасы) Кыргыз Республикасынын «Ветеринария жөнүндө» мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы №317- “Кыргыз Республикасында жеке ветеринардык ишмердүүлүктү жөнгө салуу жөнүндө” Токтомун ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасынын Уставдык милдеттерин камсыздоо максатында 2018-жылдын 27-28-июль күндөрү Ыссык-Көл областынын Жеке ветеринардык адистердин 1- Республикалык конференциясын өткөрдү.
Конференциянын жүрүшүндө Ветеринардык палатанын ишмердүүлүгүнө жана анын келечектеги иш аракеттери боюнча маселелер, ветеринардык адистин кесиптик этика (жүрүм-турум) Кодекси, Ветеринардык палатага каттоого туруу үчүн жана кайра каттадон өтүү үчүн алынуучу төлөмдүн суммасы, ж.б. Ветеринардык палатанын ишмердүүлүгүнө тиешелүү суроолор таркуулууланды.