Калк арасында Эхинококкоз ылаңынын алдын алуу жөнүндө семинар өткөрүлдү

,
IMG_6349.jpg

2018-жылы 3-июль күнү Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Доорат-Коргон айылында Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жарыяланган “Элетти көтөрүү жылынын” алкагында, калк арасында кеңири жайылып бараткан Эхинококкоз жана Альвеококкоз ылаңдары боюнча пикир алмашуу жана ылаң менен күрөшүүнүн конкреттүү комплекстик иш чарасын даярдоо жана жүзөгө ашыруу жөнүндө семинар өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Н. Мурашев, КР-нын Өкмөтүнүн Ош облустук өкүлчүлүгү, Алай, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациялары жана аталган райондордун жергиликтүү  өзүн-өзү башкаруу органдарынын жетекчилери эксперттик топ, жергиликтүү жашоочулар катышты.



Семинарга Польша Республикасынын жеке ветеринардык врач Даниел Фигиель жетектеген адистер катышып, аталган ылаң менен күрөшүү боюнча өз тажрыйбалары менен бөлүштү.


Семинардын жүрүшүндө Эхинококкоз жана Альвеакоккоз ылаңдарын алдын алуу максатында жасалып жаткан иш аракеттер жана оорунун учурдагы абалы”, “Эхинококкоз жана Альвеакоккоз ылаңдары менен күрөшүүдөгү ветеринардык  иш чаралар жөнүндөгү  маалымат маалыматтар берилип, Эхинококкоз ылаңы менен күрөшүүдөгү Нарын облусунун Ак-Муз айылдык округундагы тажрыйба менен бөлүшүп практикалык жүзүндө көрсөтүлдү.


Семинардын жыйынтыгында суроолор берилип, адистер тарабынан суроолорго жетиштүү жоопторду беришти.